• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

6-7-мартта Бишкекте КРнын төрагалыгы астында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши өтөт

Саясат 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. 6-7-мартта Бишкекте КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңеши өтөт. Бул тууралуу “Россия-Кыргызстан: келечекке (коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташтык) багытталган өнөктөштүк” аталышындагы эл аралык конференцияда вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

“Мен КР менен РФнын Кыргызстандын жарандарынын Россияга баруусун жакшыртуу жаатындагы өз ара аракеттери тууралуу айткым келет. Бул тармакта Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү маанилүү роль ойноду. Бүгүнкү күндө Россиядагы биздин жарандар РФнын эмгек рыногунун толук кандуу мүчөсү болуп саналат”,-деди О.Панкратов.

Ошондой эле, вице-премьер-министр азыркыга чейин чечилбей келе жаткан көйгөйгө көңүл бурду.

“Мен убакыттан пайдаланып, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө чейин майда-чүйдө административдик мыйзам бузуулар үчүн “кара тизмеге” түшкөн кыргызстандыктар боюнча россия тарапка кайрылгым келет. Биз дагы бир жолу ушул маселеге көңүл буруп, бул тизмени мындан дагы либералдуу кылууларын суранып кетет элек”,-деди О.Панкратов.

Муну менен катар, вице-премьер-министр Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бүгүнкү күнгө карата 667 долбоорго 202 млн доллар бөлгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий