• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

6 ай аралыгында МКК 59 миң унааны каттаган

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын 6 айында унааларды каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө 59 миң 615 бирдик унаа катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары башка жактан келген транспорттордун саны 11 миң 183 бирдикке жеткен.

Белгиленген мөөнөттө катталган жана кайра катталган атайын технологиялык унаалардын саны 1 миң 504кө жеткен. Ошондой эле, 17 миң 890 бирдик унаа транспорт каражаттарынын эсебинен чыгарылган. Анын ичинен 114 унаа республиканын аймагынан чыгып кеткен.

6 айда 106 миң 875 даана номер берилген. Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгү - 62 миң 185 даана, техникалык талон - 64 миң 862, эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк - 802, тракторист-машинист күбөлүгү - 772.

Пикир

Оставить комментарий