• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

6 айда ККМ колдонгон компаниялардын түшкөн каражаты 698 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда ушул жылдын 6 айында контролдук-кассалык машиналарды колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698,1 млрд сомду түздү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351,8 млрд сомго көп. Өсүү темпи 201,6 %ды түздү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери жыйырма миңден ашуун субъекттер контролдук-кассалык машиналар менен иштөөгө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 миңден ашуун ККМ колдонулууда.

ККМ-онлайнды киргизүүнүн аркасында Салык кызматынын маалымат базасына келип түшкөн акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар ишкерлердин ишин, анын ичинде экономикалык ишмердүүлүгүн көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн талдоого мүмкүндүк берүүдө.

Эске салсак, 2022-жылдын 10-майынан тартып Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрүүдө, анын негизги милдети – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кыргызстандыктарды кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 95 миңден ашуун жаран катышууда, “Салык чек” тиркемеси аркылуу алар 6,1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешти.

Лотереянын экинчи утушу 1-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий