• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда алты айда 823 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.22./Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 6 айында 823 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылга салыштармалуу 39,2%га аз.

"Өрттүн кесепетинен 227 миллион 682 миң сом материалдык чыгым келтирилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 36,7%га аз. Ал эми жыл башынан бери өрт кырсыгынан 16 адам каза болсо, өткөн жылы 24 ды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий