• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

6 айда жол тармагын каржылоо 950 млн сомду түздү –Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Каар/. 2021-жылга жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоо жана күтүү үчүн 690 млн сом каралган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мындан тышкары мамлекеттик капиталдык салым беренеси боюнча 1 млрд 50 млн сом каралган. Анын ичинде Балыкчы – Корумду жолун реконстсрукциялоого 200 млн сом, Баткен облусундагы айланма жолду курууга 319 млн сом, калган объектилер боюнча 354 млн сом каралган. Ошентип, КР Транспорт министрлигинин 2021-жылга жалпы бюджети 1 млрд 655 млн сомду түздү.

«6 айдын жыйынтыгы менен жол тармагы жалпы каржылоо 950 млн сомду, же 57%ды түздү. Учурдагы бюджет боюнча каржылоо 68,5%ды, же 414 млн сомду түздү. Мамлекеттик капиталдык салым беренеси боюнча каржылоо 535,8 млн сом, же 51%ды түздү. 2021-жылга жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоо жана күтүүгө өткөрүлгөн катарлаштыруунун жыйынтыгы боюнча 600 млн сом каралган. 2020-жылдын 6 айында 370 млн сомго жол оңдоп-түзөө иштери аткарылган. Жол ондоо иштери 5 миң км аралыкта жүргүзүлгөн»,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий