• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул районунда 6 айдан бери дайынсыз болгон жаран изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын тургуну 1978-жылы туулган Мусаев Алтынбек Калмакович 2021-жылдын 13-май күнү үйүнөн араба (тачка) түртүп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Алтынбек бала чагынан бери психикалык жактан жабыркайт, бирок айылдан башка аймактарга чыкпаса үйүн кайра таап келе алат. Ошондуктан, күнүмдүк кара жумуш кылдыруу үчүн адамдар башка аймактарга алып кетип калышы мүмкүн деген да божомолдор бар.

“Учурда Мусаев Алтынбек Калмаковичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилери: Бою 150-155 см, оң буту ничке болгондуктан басканда сылтып (аксап) басат, оң колу чыканагына чейин күйгөндүктөн күйүктөн калган тактары бар жана сол колуна салыштырмалуу ничке.

Дайынсыз болуп жаткан Мусаев Алтынбек Калмакович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланшуу үчүн тел.: 0773 319 018; 0706 931 515; 0773 432 478.

Пикир

Оставить комментарий