• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алты аким ээлеген кызматынан бошотулду. Премьер буйрукка кол койду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматынан бошотулду, - деп билдирет өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев

- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов

- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.

Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин биринчи орун басары Камбаралиев Каныбек Чолпонкулович ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий