• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

6-апрель. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы учурдун саны 69. Жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталды.

-Кыргызстанда COVID-19 менен каталгандардын жалпы саны 216. Алар: Жалал-Абад облусу - 80, Ош облусу - 80, Ош шаары - 14, Бишкек - 25, Баткен облусу - 4, Нарын облусу - 5, Ысык- Көл облусу - 3 жана Чүй облусу - 5 учур.

-Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 адам айыкты. Ошондой эле, бүгүн 13 адамды чыгаруу пландалып жатат, - деди КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.

-Өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумду. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 адам каза тапты.

-Стационарда 202 адам бар, алардын ичинен 5 адам туруктуу-оор абалда реанимацияда, 5 адамдын 2сү жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

-Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2020-жылдын 1-кварталында Бирдиктүү салык төлөөчү системасында иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарына 2 млрд 580 млн сом төлөндү.

-ММК фонд азыркы учурда саламаттыкты сактоо уюмдарындагы коронавирус COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарда вируска каршы каражаттар жетиштүү экенин билдирет.

-Социалдык фонд апрелде пенсияларды «Кыргыз почтасы» аркылуу үйгө жеткирет.

-“Буудай жана арпа себүү иштери да жогорку темпте ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрү 173,4 миӊ га аянтка себилип, тапшырма 56,4% аткарылды, бул 2019-жылдын ушул мөөнөтүнө караганда 24,8 миӊ гектарга көп”, - деп билдирди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Ал белгилегендей кант кызылчасын себүү да жакшы ылдамдыкта жүрүүдө. Азыртадан эле 3,44 миң гектарга же 24,5% себилген.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер бөлүнгөн ундар жер жерлерде аз камсыз үй-бүлөлөлөрүнө жардам катары таратылууда.

-Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Эми уруксат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек, анда ким жана кандай максатта уруксат алып жатканы көрсөтүлөт. Уруксат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен 1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот.

-2020-жылдын 6-апрелинде "Манас" Эл аралык аэропортунда Екатеринбург каттамы тейленди. Кыргызстанга 17 жаран учуп келди. Алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, калган 12 адам обсервацияга алынды. "Урал авиакаттамынын" учагы РФнын 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти.

-Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дезинфекциялык туннелдер орнотулат. Бир кабина ооруканага келгендер үчүн, экинчиси тез жардам машиналары үчүн коюлат.

-Өткөн сутканын ичинде Бишкекте коменданттык саатты 66 адам бузган, Жалал-Абадда - 6 адам, Сузак районунда - 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий