• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

6-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. 2018-жылдын 5-6-апрелинде аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек- Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука- Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең, 6-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 7...12, күндүз 22... 27 ,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, түнкүсүн 15...20 градус,

Нарын облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 15...20 градус жылуу болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 9... 11, күндүз 24..26 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий