• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

6-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Эртең, 6-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан катуу жаашы ыктымал

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17, Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болот. Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15, Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19, Баткенде түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градус болот.

Эртең, 6-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус, күндүз 15…17 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий