• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

6-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 2-августтан 6-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-августта кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-августта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-августта күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-августта күндүз жана 6-августта Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 3-6-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-августта 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

3-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунун жаан-чачын күтүлбөйт.

6-августта Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-3-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-августта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

4-6-августтарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-4-августталарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-3-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 4-августта күндүз жана 5-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

6-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-4-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-3-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-августта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

4-6-августтарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-4-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий