• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

6-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 2-декабрдан 6-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

3-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу кар жаашы күтүлөт. 5-декабрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-3-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-5-декабрларда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-4-декабрларда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда күндүз жана 3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз жана 4-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-5-декабрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-декабрда жана 3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз Чолпон-Ата шаарында кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда 5-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз жана 6-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз жана 6-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-5-декабрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий