• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

6-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 2-февралдан 6-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

2-6-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-февралда жаан жаашы күтүлөт.

3-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

2-февралда күндүз жана 3-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-февралда жана 3-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-февралда күндүз жана 4-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-февралда кар жаашы күтүлөт.

3-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда күндүз жана 3-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий