• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

6-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында бурганак болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -25…-30, күндүз -12...-17 градус болот.

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -5...-10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4 градус болот.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5, Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -8...-13 градус суук болушу күтүлөт.

Бүгүн борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -7…-9 градуска чейин суук болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий