• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

6-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. 6-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градуска жетет.

Эртең, 6-февралда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2 …-4 градус, күндүз 6…8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий