• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

6-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.01.18. /Кабар/. Эртең, 6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...+3;

Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11;

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүзү 0…2°.

Пикир

Оставить комментарий