• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

6-июндан 10-июнга чейин "Ала-Арча" паркынын аймагына кирүү жабылат

Коом 0

Бишкек, 05.06.22. /Кабар/. 6-июндан 10-июнга чейин "Ала-Арча" паркынын аймагына кирүү жабык болот. Бул тууралуу КР президентинин иш башкармалыгынын "Кыргыз мамлекеттик "Ала-Арча" жаратылыш паркы" мекемесинен билдиришти.

"Жолду реконструкциялоого байланыштуу 2022-жылдын 6-июнунан 10-июнуна чейин "Ала-Арча" жаратылыш паркынын аймагына автотранспорттордун кирүүсү убактылуу токтотулат", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий