• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 6-кабаттан кулап кеткен баланын абалы оор – дарыгер

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кечээ 6-кабаттан кулап кеткен баланын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине №3 Шаардык клиникалык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу-оор деп бааланууда. “Балада сынык жок, бирок баш мээси катуу жабыркаган. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат”,-дейт Шайбеков.

Эскерте кетсек, 25-мартта милицияга №3 Шаардык клиникалык балдар ооруканасынан аларга 6-кабаттан кулап түшкөн бала жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бала 1 жаш 3 ай куракта.

Пикир

Оставить комментарий