• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

6-класстын окуучусу өз бөлмөсүндө каза болду. Кылмышка атасы шектелүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 01.12.17./Нуркыз Сабырова – Кабар/.Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде 13 жаштагы баланын сөөгү табылган. Кылмышка баланын атасы шектелүүдө, ал мурда соттолгон.

Ош ОИИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 29-ноябрда түнү болжол менен саат 2лер чамасында Шакиров көчөсүндөгү үйгө чакыруу менен тез жардам кызматы келген.

Бөлмөнүн ичинде баланын жансыз сөөгүн көргөн тез жардам кызматкерлери милицияга кабар беришкен. Маркумдун денесинде көптөгөн тактар бар экендиги аныкталган. Учурда ал тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлерине коңшулары билдиргендей, атасы баласын көп зомбулук көрсөтчү.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 46 жаштагы баланын атасы кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин адам ѳлүмүнѳ алып келген денеге оор залал келтирүү боюнча кылмыш иши козголду. Бүгүн, шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.

Пикир

Оставить комментарий