• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

6-класстын окуучусун сабаган мугалимге карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Талас райондук прокуратурасы мас абалындагы мугалимдин 6-класстын окуучусун сабагандыгын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Райондун прокуратурасы тарабынан 2017-жылдын 16-мартында 16:00 чамасында Б.М. мас абалында Т.Б.ны бир нече ирет башка урган. Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, Т.Б. ден соолугуна жеңил зыян келтирилген.

2017-жылы 27-мартта райондун прокуратурасы тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Б.М. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 161-беренесине (жашы жете электерди тарбиялоо милдетин аткарбоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмыш иши Талас райондук ИИБ тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий