• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

6-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Эртең, 6-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;

Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25;

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 18...20 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий