• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

6-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.03.18. /Кабар/. Эртең, 6-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8;

Бишкекте 6-мартта жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17 градуска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий