• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

6-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 2-октябрдан 6-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-октябрда жана 3-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-октябрда күндүз ала-булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз.

4-октябрда түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн. 4-октябрда күндүз жана 5-6-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 3-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-5-октябрларда жана 6-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-октябрда жана 4-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

4-октябрда күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. 5-октябрда жана 6-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

6-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-октябрда күндүз жана 5-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий