• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

6-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Эртең, 6-октябрда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолорго кар жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаайт. Айрым тоолуу аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 3...8 градус, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 2...7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11, Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18 градус болот.

Эртең, 6-октябрда, борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз жамгыр жаайт, түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7° болот.

Пикир

Оставить комментарий