• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

6-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Эртең, 6-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13 градус, күндүз 21…23 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий