• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

6 тонна чөп, турак үй, унаа толук күйгөн. Бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 6, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда - 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Чолпон-Ата шаарындагы Правда көчөсүндө короодо Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен шаарында Токтогул көчөсүндө жалпы аянты 145 чарчы метр сарай толугу менен жана 6 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарындагы Дача кичи районунда болжол менен аянты 120 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий