• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

6 жылдын ичинде Евробиримдик Кыргызстанда 174 миллион еврого долбоорлорду каржылайт

Экономика 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Европа биримдиги Кыргызстанда 2015-жылдан 2020-жылга чейин 174 миллион еврого долбоорлорду каржылайт. Бул тууралуу брифингде Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Никола Скарамутццо билдирди.

Анын айтымында, негизинен булар билим берүү, өнүгүү жана укук колдонуу тармагындагы багыттар.

“Андан сырткары бизде аймактык мүнөздөгү кошумча каржылоо бар. Ага Борбордук Азиянын бардык 5 өлкөсү кирет. Келечек жөнүндө азырынча айтуу кыйын, Брюсселде талкуулар жүрүп жатат”, - деди ал.

Өз кезегинде Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Раймондс Вингирс аймактык планда долбоор 300 миллион долларга белгиленгендигин жана чек ара, терроризмге каршы күрөшүү, аймактык билим берүү маселелери сыяктуу багыттарды камтый тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий