• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмеги толукталды

Президент 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков „Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 28-февралында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, айрым мамлекеттердин жарандары үчүн киргизилген визасыз режим 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат жана жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмеги 7 өлкө менен кошумча толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий