• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

№60 мектептин директору кызматтан кетти

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. №60 жалпы билим берүү орто мектебинин директору Дайров Малик Мутагарович КРнын Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен иштен кетүү арызын жазган.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева кол койду.

82-берене. Кызматкердин демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча) эмгек келишимин бузуу.

Пикир

Оставить комментарий