• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматы: 600 миң сомдон ашык суммада бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери 600 миң сомдон ашык суммада бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз өткөрүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 1-ноябрында “Е.А.Л.” ЖЧКсы “Volvo FV/FH 4X2T” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны “Убактылуу ташып келүү” бажы жол-жобосуна жайгаштырган. Бирок, жол-жобонун мөөнөтү аяктагандан кийин, аталган ЖЧКнын өкүлдөрү бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөттө тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөгөн эмес.

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын төлөмдөрдү эсепке алуу жана статистика бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 15-февралындагы абалына карата "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна жайгаштырууда 630 505 сом суммасында бажы төлөмдөрүнүн түшпөй калгандыгы аныкталган.

Бул факт КЖБР МЭЖ АМСке катталган, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий