• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

650дөн ашык мамлекеттик кызматкер Кытайда билимдерин жогорулатышты

Коом 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматы Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Соода-экономикалык маселелер боюнча Канцеляриясы менен бирге Кытайга кыска мөнөттүү окууга барып келгендер менен отчёттук жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кызматташуунун алкагында Кытай тарап Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана энергетика тутуму тармактарында иштеген мамлекеттик кызматкерлерге кыска мөөнөттүү окутуу курстарын уюштуруп келет. Алсак, 2013-жылдан баштап Кыргызстандын ар кандай министрликтер менен ведомстволордон 650 кызматкер Кытайдагы окутуу курстарына катышышкан.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров өз сөзүндө Кытай Эл Республикасы адам ресурстарын нтаыйжалуу башкарып,коомчулуктун жашоо-шартын жакшыртуу боюнча көп ийгиликтерге жетишип жатканын баса белгиледи. Ошондой эле ал Кытайда уюштурулган окутуу курстары аркылуу коңшу мамлекет менен тажрыйба алмашуу багытында кызматташуу абдан манилүү маселердин бири экенине токтолду.

КЭРдин Кыргызстандагы элчисинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Хэ мырза окутуу, анын натыйжалары жөнүндө жылуу сөздөрүн айтты.

Жолугушууда Кытайдын ар кайсы шаарларында билимин жогорулатып келген мамлекеттик кызматкерлер сөз сүйлөштү. Алар Кытайдан алган таасирлери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.Ошондой эле бул жолугушуунун катышуучулары кыска мөөнөттүү окутуу курстары боюнча программаларды жакшыртуу тууралуу ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий