• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

№66 мектептеги кырдаал боюнча: Рэкетчилик фактылары жок - мэрия

Коом 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Алдын ала маалыматтарга ылайык, №66 мектепте рэкетчилик фактылары тастыкталган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар өз ара мамилелерин чечишип жаткан. Балдар ата-энелери менен биргеликте Ички иштер министлигинин райондук бөлүмүнө чакырылган. Балдар жаракат алган эмес, бул алардын ортосундагы пикир келишпестик болгон. Тараптар элдешип, атайын түшүндүрүү иштери жүргөн. Ошого карабастан мэрия жетекчилиги бул иш боюнча кабардан жана эртең калаа башчы менен мектептин директорунун жолугушуусу пландалган.

Азиз Суракматов белгилегендей, ата-энерлер балдарын мектепке жибергенде тынчсызданбай, ал эми балдар болсо мектепке баргандан коркпошу керек. “Кээ бир мектептерде рэкетчилик жана мушташуу фактылары бар, эгер алар тастыкталса, анда биз аларга чара көрөбүз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий