• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

66 жаштагы карыя ОшМУну ийгиликтүү аяктады

Билим 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Ош мамлекеттик университетин медицина факультетин эң жашы улуу студенти Адалат Мусаев быйыл 66 жаш курагында окууну аяктады. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдриришти.

“Билим алуунун эрте-кечи жок” деген принципти туу туткан Өзбекстандын Андижан облусунун тургуну Адалат Мусаев 60 жаш курагында медицина факультетине тапшырып, быйыл 66 жаш курагында окууну ийгиликтүү аяктап, кыялдары орундалып тургандыгын университетте болуп өткөн ант берүү аземинде жар салды. Анын айтымында, окууга тапшырганга чейин Андижан облусундагы онкология бөлүмүндө 30 жыл фельдшер кызматын аркалаган, бирок анын дарыгер болуу кыялы пенсияга чыккандан кийин да билим алууга себепчи болгон. Эми мындан ары ординатурасын улантууну ойлоп жаткандыгын айткан ОшМУнун бүтүрүүчүсү Адалат Мусаев билим алууга толук шарт түзүп, жогорку квалификациялуу адистерди тарбиялап чыгарып жаткан ОшМУнун жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди. Ал студент мезгилинде студенттер менен биргеликте университеттин жатканасында жашап, мыкты студенттердин катарын толуктаган. Эми ал эмгек жолун өзү 30 жыл эмгектенген ооруканада улантууну пландаштырууда.

Белгилей кетсек, ант берүү аземинде ОшМУнун медицина факультетин ийгиликтүү аяктап жаткан алдыңкы бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун жана профсоюз уюмунун Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий