• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

67 миңден ашык жаран алгачкы ирет шайлоого катышып жатат. Аларга Конституция белекке берилүүдө

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Быйылкы парламенттик шайлоодо 67 миңден ашык жаран алгачкы ирет шайлоого катышып жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алар 18 жашка толуп, алгачкы ирет шайлоого катышып жаткан жарандар.

"Алгачкы ирет шайлоого катышып жаткан жарандарга шайлоо тилкелеринде Кыргызстандын Конституция белекке берилип жатат. Алар үчүн ушундай чакан белек даярдалды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий