• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

7-11-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. 7-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда биз аз кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

7-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мтерден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

8-9-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

10-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий