• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

7-8-августтун иши боюнча кармалгандар мыйзам боюнча жоопко тартылышы керек – Мамытов

Коом 0

Бишкек, 13.08.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгон окуяга байланыштуу өз пикирин билдирди.

Акыйкатчы, кармалгандарга карата баардык аракеттер мыйзам чегинде болушу керектигин жана иликтөө мыйзамга ылайык калыс түрдө жүрүшү зарыл экенин белгиледи.

"Кармалгандардын укугу бузулбашы кажет. Бирок күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жана акыйкаттуу түрдө жоопко тартылышы зарыл. Ошол эле учурда алардын укугу сакталыш керек", - деди ал.

Акыйкатчы мыйзамдуулук менен акыйкаттуулук болуш керек деп эсептейт.

"Ким мыйзамды бузса, жооп бериши зарыл. Ошол нерсе мыйзамдын үстөмдүүлүгүн сыйлоо болуп эсептелет. Кармалгандар тууралу айтсак, иликтөө бейтарап, мыйзамга ылайык болуп, сот адилеттүү болушу керек. Акыйкатчы катары мен үчүн мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк маанилүү болуп эсептелет", - деди ал.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак акыйкатчы Токон Мамытов менен Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Кой-Таш айылындагы окуядан улам жаракат алган жарандарды көрүп келишкен.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон киши ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий