• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

7 адам каза болгон жол кырсыгы: милициянын майорунун төрт баласы калган, аларга материалдык көмөк көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда каза болгон милициянын майору Түгөлбай уулу Нургазынын үй-бөлүсүнө 276 миң 600 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз катчысы Самара Кыдырова билдирди.

Анын айтымына караганда, милициянын майорунун артында төрт баласы калды: үч кыз жана бир уул, учурда алар чоң ата, чоң энесинин кароосунда.

Жалал-Абад облусунун ИИБ башчысы Акылбек Мамсейитов, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана жеке курамы маркумдардын жакындарынан кабар алышып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Облус ИИБнин жамааты Мамсейитов менен биргеликте 205 миң 600 сом, ал эми ички иштер бөлүмү – 71 миң сом.

Мамсейитов Түгөлбай уулунун эмгегин эскерип, анын ИИМ кызматкерлери арасындагы аброюн айтып өттү. Ал үй-бүлөгө ар дайым жардам берип турууга даяр экендиктерин эскертип кетти.

Эске сала кетсек, 16-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунда Токтогул районундагы Торкен айылынын жанында Hyundai Getz жана Honda Stepwgn унаалары кагылышкан. Кырсыктын натыйжасында жети адам каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылган.

Каза болгондордун арасында милициянын майору Түгөлбай уулу Нургазы, аялы, кызы жана жаңы төрөлгөн ымыркайы болгон.

Пикир

Оставить комментарий