• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

7 ай ичинде акча которуунун таза агымы 1,1 млрд доллар болгон - Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 26.09.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Устүбүздөгү жылдын январь-июль айлар аралыгында акча которуунун таза агымы 1 млрд 100 млн АКШ долларын тузгөн. Бул тууралуу пресс-жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымына караганда, акча которуунун таза агымы 7 ай ичинде былтыркы жылга салыштырмалуу 28,8 % жогорулаган.

“Негизинен которуунун 95 пайызы Россиядан келет. Акча которуунун жогорулашы өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизип жатат”,-деди ал.

Ошондой эле Нурбек Жеңиш акча которуунун статистикасы кандай түзүлө тургандыгын айтып берди.

“Бардык банктар бизге акча которуулар тууралуу маалыматтарды беришет. Өлкөгө канча акча кирсе, ошончо чыгып турат. Бул маалыматтардын бардыгын иштеп чыгып, статистиканы чыгарабыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий