• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

7 айда Бишкекте 2 миң мыйзамсыз обьект түрттүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 4-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектин муниципалдык кызматкерлери 7 айдын аралыгында 2 миң 424 мыйзамсыз обьектини түрттүргөн деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тиешелүү мекеме кызматкерлери бир эле жеңил обьектилерди эмес, документи жок курулуп жаткан каптиладык курулуштарды дагы түрттүргөн.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын жетекчиси Асхат Тюлебердиевге жарнактарды жайгаштыруунун тартибинин механизимдерин иштеп чыгуу, шаардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу максатында муниципалитеттеги бөлүмдөр менен тыгыз иш алып баруу жана өзүм билемдик менен курулуш иштерин баштаган фактыларды иликтөө тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий