• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

7 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $6 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-июль айларында 6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9 пайызга көбөйдү, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 36,6 пайызга азайып, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,7 эсе жогорулаган.

“Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-июлунда 2,5 млрд долларды түздү жана 2021-жылдын январь-июлуна салыштырганда 35,0 пайызга өстү. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 1,6 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 27,5 пайызга жогоруланган”, - деди ал.

Жумалиев республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-июль айларында Россия (70,8 пайызга) менен Казакстанга (27,0 пайызга) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий