• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

7 айдын ичинде “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 4,9 млрд. сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын тармактарына 3млрд. 554 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 90,5млн. кВт.саатка көп.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын жети айга болгон товардык продукциясы 4 млрд. 645 млн. сомду түзүп, анын 4 млрд. 992 млн. сому (107,5%) чогултулган, анын ичинен төлөм чогултуу “калк” категориясында –116,6 % аткарылган.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

- Бишкекте төлөм чогултуу - 105,4%,
- Чүй облусунда – 108,8%,
- Талас облусунда –115,2% түздү.
Жети айдын жыйынтыгы боюнча жалпы жоготуулар 11,9% түздү.

Пикир

Оставить комментарий