• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

7-апрель боюнча иш: Мурат Суталиновду онкологиялык борборго которушту

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин соттолгон мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду бир жума мурда 47 түзөтүү колониясынан Улуттук онкология жана гематология борборуна которушту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал учурда химиотерапиянын 2-курсун алууда. Ал бөйрөктүн рагы илдетине кабылган.

Эске салсак, М.Суталинов 20 жылга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий