• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

7-апрель көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.10.18 /Кабар/. Бишкектеги 7-апрель (мурдагы Шабдан баатыр) көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бир нече айдын аралыгында жолду оңдоо иштери жүргөн, Чүй проспектиси менен Анкара (Горький) көчөсүнүн ортосунда алгач батыш, кийин чыгыш бөлүгү оңдолгон.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн тилкенин жалпы узундугу 2 чакырым эки жүз метрди түзгөн. Асфальт төшөлүп, жаңы жол белгилери орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий