• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

7-апрелде Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Бишкекте “Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгын” өткөрүүгө байланыштуу борбордук көчөлөрдө унаалар үчүн жол кыймылы жабылат.

КР ИИМ Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 7-апрелде Киев көчөсүндө, Чүй проспектисинде Тоголок Молдо көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин, Тоголок Молдо көчөсүндө, Эркиндик проспектисинде Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин жол кыймылы жабылат.

Басма сөз кызматы бардык шаардыктарды жана меймандарды көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, жол кыймылынын башка каттамдарын тандоону суранат. Ал эми шаар тургундарына жана меймандарына, иш-чарага катышууну каалагандарга унаа токтотууга төмөнкү көчөлөрдү сунушташат:

- Шопоков-Киев көчөлөрү Жибек Жолу проспектисине чейин;

- «Нарын» ресторанына тиешелүү аймак;

- Опера жана балет театрынын аймагы;

- Тыныстанов-Фрунзе көчөлөрү Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Эркиндик - Фрунзе көчөлөрү Жибек Жолу проспектисине чейин (эки тарабы тең);

- Раззаков-Фрунзе көчөлөрү Жумабек көчөсүнө чейин;

- Орозбеков-Фрунзе көчөлөрү Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Панфилов-Фрунзе Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Тоголок Молдо - Фрунзе Жибек-Жолу проспектисине чейин;

- Раззакова - Киевской Токтогул көчөсүнө чейин;

- Орозбеков-Киев Токтогул көчөсүнө чейин;

- Рыскулов-Тоголок Молдо Манас проспектисине чейин;

- Абдымомунов-Тоголок Молдо Исанов көчөсүнө чейин;

- Абдымомунов-Тыныстанов Абдрахманов көчөсүнө чейин;

- Жумабек-Тыныстанов Ибраимова көчөсүнө чейин;

- Логвиненко-Фрунзе Жибек-Жолу проспектисине чейин;

- Исанов-Жибек-Жолу Киев көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий