• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

7-апрелде Кыргызстанда эскерүү жана маданий иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. 2010-жылдын 7-апрели – Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачкан күн. Ушул күнү өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жаш мекендештерибиз кырчындай өмүрүн кыйышып, бүгүн биз эркин адамдардын өлкөсүндө, өнүгүп-өсүү жолуна түшкөн өлкөдө жашап жатабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Апрель элдик революциясынын урматына 7 апрель жыл сайын белгиленүүчү мамлекеттик майрам жана жумушчу эмес күн деп жарыяланган. Ошондуктан ушул жума күнү 7-апрелде мамлекет жетекчилери жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү, ошондой эле апрель окуяларында жаракат алгандар жана башка катышуучулар менен бирге “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын курман болушкан баатырларын эскеришет.

Саат 13.00дө Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында иш-чара өтүп, бишкектиктерге жана конокторго театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлөт, андан соң Кыргызстандын белгилүү артисттеринин катышуусунда концерт болот.

Андан тышкары, 7-апрелде Бишкек шаарында маданий иш-чаралар өтөт, ал эми бул күн кечки майрамдык салют менен аяктайт.

Апрель элдик революциясынын Күнү ошондой эле Ош шаарында жана бардык облустук/райондук борборлордо да майрамдалат.

Пикир

Оставить комментарий