• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

7-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 3-февралдан 7-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

3-7-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

3-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-февралда күндүз, 4-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

3-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий