• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

7-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Эртең, 7-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градуска жетет.

Эртең, 7-февралда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 …-2 градус, күндүз 12…14 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий