• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

7-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5 градус, Ысык-Көл 1…6 градус жылуу, Нарын облусунда болсо күндүз -1…-6 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 1…6 градуска чейин жылыйт.

Борбор калаабыз Бишкекте кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий