• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

7-июндан тарта Ташкент–Балыкчы поезд каттамы иштеп баштайт

Коом 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Ташкент-Балыкчы жүргүнчү ташуучу поезддик каттамы быйыл 7-июндан тарта иштеп баштайт.

Алгачкы курам 2019-жылдын 6-июнунда Ташкент шаарынан саат 20:50 чыгып (Ташкент убактысы боюнча), 7-июнда саат 19:03 Бишкек шаарына келет (жергиликтүү убакыт боюнча).

Ал эми 8-июндан тартып ар ишемби күнү саат 04:59 Балыкчыдан кайра жөнөп, 9-июндан тартып, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына саат 5:00 келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Билеттер сатыла баштады, вагондордун категориясына жана билеттерди сатып алуу мөөнөтүнө жараша билеттерди сатып алууда жеңилдиктер берилет.

Билет баалары:

-Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 1 946 сомдон,
-купе вагонуна 2 461 сомдон,
-люкс вагонуна 4 602 сомдон башталат.

Пикир

Оставить комментарий