• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

7-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.05.18. /Кабар/. 6-майда жана 7-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Ага ылайык, эртең, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

6-7-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22;

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;

Ысык-Көл облусунда 2...7, күндүз 12...17;

Нарын облусунжа түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17 градуска чейин жетет.

Эртең, 7-май Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 18...20 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий